Кыргызстандыктардын реалдуу эмгек акысы 6,4%га өстү

13 марта 2024, 12:09

Чакан ишканаларды эсепке албаганда бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы 2024-жылдын январында 33,6 миң сомду түздү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

2023-жылдын январь айына салыштырмалуу номиналдык эмгек акы 12,7%га, ал эми реалдуу эмгек акы керектөө бааларынын индексин эске алуу менен 6,4%га өскөн.

Экономикалык иштин бардык түрлөрүндөгү ишканаларда жана уюмдарда 2024-жылдын январында 2023-жылдын январь айына салыштырмалуу орточо номиналдык эмгек акынын өсүшү байкалган.