Кыргызстандыктардын реалдуу эмгек акысы 15,7%га өстү

23 февраля 2023, 10:28

Быйылкы жылы кыргызстандыктардын орточо айлык номиналдык эмгек акысы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 26 миң 620 сомду түздү. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет.

Бул 2021-жылга салыштырмалуу 31,8%га көп. Мында керектөө бааларынын индексин эсепке алуу менен эсептелген анын реалдуу өлчөмү 15,7%га өскөн.

Доллар менен эсептегенде бул сумма 316,5 долларды түзөт.