Бишкек – Кара-Балта жолун реконструкциялоо ноябрда аяктайт

27 июля 2022, 13:08

Бишкек-Кара-Балта жолу 2022-жылдын ноябрь айында бүткөрүлөт. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Транспорт жана коммуникация министри Эркинбек Осоев билдирди.

Анын айтымында, аталган жолдун негизги бөлүгү бүтүп, учурда 7,5 чакырымга асфальт төшөлүүдө.

Эске салсак, Бишкек-Кара-Балта жолу 2017-жылы реконструкцияланып башталган.