Өлкөдөгү ирригациялык курулуштарды оңдоо жыл аягына чейин жыйынтыкталат

16 августа 2023, 10:50

Суу чарба кызматы быйылкы жылдын планына ылайык 962,1 миллион сомго объекттерин оңдоону пландаштырган. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Ошол эле учурда 14-августка карата 597,1 миллион сомдук иштер аткарылды.

Бул каражатка 534,6 км каналдарды оңдоо, бетондоо жана механикалаштырылган тазалоо, 563 гидротехникалык курулуштарды, 197 гидрометрикалык постторду, 88 насостук станцияларды, 153 насостук агрегаттарды оңдоо, 16 насостук агрегаттарды алмаштыруу иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле 93,4 чакырым коллектордук-дренаждык тармактарды механикалаштырылган тазалоо иштери жүргүзүлүп, натыйжада 1868 гектар сугат жердин мелиоративдик абалы жакшыртылды.

"Планга ылайык, ирригациялык объектилерде оңдоо-калыбына келтирүү иштери уланууда жана 2023-жылдын аягына чейин бүткөрүлөт", - деп белгилешти Айыл чарба министрлигинен.