Каракол драма театрын оңдоого 19,5 млн сом жумшалат

30 марта 2023, 08:40

Ысык-Көл облустук курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгы Каракол драма театрын оңдоого тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалды.

Тендердин баасы 19 миллион 516 миң 275 сомду түзөт. Бул суммага Каракол шаарындагы К. Жантөшев атындагы драма театрынын чатырын капиталдык оңдоодон өткөрүү пландалууда.