Жапон компаниялары Бишкектеги тыгын маселесин чечет

7 октября 2022, 12:00

Бишкек мэриясы борбордогу тыгын көйгөйүн үч жапон компаниясы менен талкуулады. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга Marubeni Corporation, Marubeni Protechs Corporation жана Kyosan Electric MFG Co., LTD катышты.

Тараптар ARTEMIS интеллектуалдык жол кыймылын башкаруу системасынын мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле долбоордун этаптарын жана мөөнөтүн талкуулашты.

Белгилеп кетсек, буга чейин жапониялык компания өкүлдөрү борбор калаанын эң көп тогуз кесилишинде изилдөө жүргүзүшкөн.