Республика боюнча 75 миңден ашык акылдуу эсептегич орнотулду

19 сентября 2023, 14:30

Республика боюнча 75 миңден ашык акылдуу эсептегич орнотулду. Бул тууралуу Кыргызстандын улуттук электр тармактар ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Компания октябрь айында дагы 40 миң эсептегич орнотууну пландап жатат.

Эске салсак, акылдуу эсептегичтер жарыкка каражатты өз убагында төлөбөгөн абоненттердин электр энергиясын дистанциялык түрдө өчүрүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле алар электр энергиясын керектөө көбөйгөндө автоматтык түрдө өчүп калат.