Республика боюнча керектөө бааларынын өсүүсү 1,0 пайызды түздү

10 февраля 2022, 16:03

Үстүбүздөгү жылдын январында  (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө бааларынын өсүүсү 1,0 пайызды түздү,- деп Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Ушул эле учурда тамак -аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга 0,9 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге- 3,6 пайызга, азык -түлүк эмес товарларга – 0,4 пайызга, кызмат көрсөтүүнүн тарифтери – 0,5 пайызга өсүүлөрү байкалды.