Республикадагы мектептерди оңдоп-түзөөгө бюджеттен 103 млн сом бөлүнгөн

9 ноября 2020, 10:05

Финансы министрлиги республикалык бюджеттен «стимулдук грант» беренесине ылайык, дээрлик 80 мектептин оңдоп-түзөө жана курулуш иштерине  103 млн 65.1 миң сом бөлгөн. Бул тууралуу ведомствонун сайтында маалымдалат. 

Анын ичинен Чүй облусунун эле 17 мектепке оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн. Жалпысынан бюджеттен 19 млн 862.1 миң сом бөлүнгөн.