Республикалык бюджеттен жергиликтүү башкаруу органдарына 100 млн сом бөлүнөт

7 января 2020, 12:30

КР Өкмөтү республикалык бюджеттен 100 млн сом каражатты  жергиликтүү башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджетин көбөйтүү мактсатында жумшоону пландап жатат. Бул тууралуу «КР 2020-жылдагы бюджети жана 2021-2022-жылдардагы болжолдуу республикалык бюджет» тууралуу жаңы мыйзам долбоорунда жазылган. 

Жеке киреше катары жер салыгы, мүлк салыгы, ижара берилген жерлердин жана мүлктөрдүн акысы кирет. 

Андан сырткары, жергиликтүуү бюджеттен республикалык бюджетке буга чейинки жергиликтүү бийлик тарабынан алынган ссуда жана насыяларды кайтаруу пландалып жатат: 2019-жылы - 331 млн 927,1 миң сом, 2020-жылы - 374 млн 365 миң сом, 2021-жылы - 336 млн 268 миң сом 

2019-жылы республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке 2 млрд 300 миң сом бөлүнгөн.