Республикалык бюджеттин кассалык чыгымдары 13.3 млрд сомду түзгөн

5 мая 2020, 10:30

Борбордук казынанын берген маалыматына ылайык, 2020-жылдын март айында республикалык бюджеттин ведомстволук классификацияга ылайык кассалык чыгымы 13 млрд 260 млн 181.8 миң сомду түзгөн. 

Анын ичинен бюджетттик мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгек акысына, республикалык бюджеттен - 4 млрд 219 млн 856.3 миң сом, жөлөк пул төлөөгө - 788 млн 404.6 миң сом, социалдык жөлөк пулдар үчүн - 5 млн 19.5 миң сом жумшалган. 

Калган каражаттар приоритеттүү чыгашаларды жабууга жумшалган.