Республикалык бюджеттин эсебинен «Капиталдык салымдар» боюнча 2 объекттин курулушу жүрүп жатат

28 августа 2020, 15:15

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Кокочаров региондор боюнча объекттердин саны жана каржылоо жөнүндө төмөндөгүчө билдирди.

 


«Капиталдык салымдар» боюнча 2 объекттин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен (Жалал-Абад, Ош облустук оорукана жана Ош облусунун Кара-Суу районунун Чайчы айылындагы оорукана);
Бишкек, Ош жана Нарын шаарларында тез курулуучу 3 инфекциялык оорукананы куруу жана республика боюнча 9 объектти капиталдык оңдоо жумуштары «Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондунун» каражатынын эсебинен каржыланат. Учурда бардык объекттилер боюнча каржылоо ачылып, курулуш жана оңдоо-түзөө иштери толугу менен жүрүп жатат. Аталган объекттерге жалпысынан 206,5 млн. сом акча каражаты ачылган, анын ичинде:
Республикалык бюджеттин эсебинен 21,0 млн. сом;
Фонддун эсебинен 185,5 млн. сом (каржылоо 2020-жылдын 19-августунда башталган)», - деп билдирди Кокочаров.