Республикалык штабдын call-борборуна 52 жаран кайрылды

4 октября 2020, 12:25

4-октябрь, саат 10:30га карата Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн уюштуруучулук маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык жактан камсыздоодо шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын call-борборуна 52 жаран кайрылды.

Чалуулардын басымдуу бөлүгү санитардык-эпидемиологиялык нормалардын сакталбашы жана айрым жарандар өздөрүн тизмеден таба албай жаткандыгы боюнча болгон.

Шайлоочулар электр жарыгынын, Интернеттин жоктугу, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана байкоочулар тараптан бет кап режиминин, санитардык ченемдердин сакталбашы жана башка мыйзам бузуулар болсо ишеним телефондоруна чалса болот.

Ишеним телефондор: (0312) 66 28 58, 62 51 19, 66 28 51, 96 14 54, 96 03 11, факс (0312) 66 61 97.

Бул номурларга чалуулар «Кыргызтелеком» ААКтын Бишкек шаардык түйүнүнүн стационардык телефондорунан акысыз, ал эми аймактардан жана уюлдук операторлордон учурдагы тарифтерге ылайык жүргүзүлөт.