Республикалык оорукана 11 млн сомго кычкылтек сатып алат

10 августа 2021, 15:00

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы кычкылтек сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалды.

Тендердин жалпы суммасы 11 миллион 62,5 миң сомду түзөт.

Техникалык тапшырмага ылайык, суюк жана газдуу кычкылтектин эки түрү сатылып алынат.

Белгилей кетсек, акчанын көбү суюк кычкылтек сатып алууга жумшалмакчы.