Республикалык штаб өзгөчө абал киргизүү маселесин карайт

25 июня 2020, 11:49

Бүгүн Республикалык штабдын жыйынында өзгөчө абал киргизүү маселеси каралат. Бул тууралуу Мадамин Каратаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди. 

 

«Учурда абал Чүй облусунда, Бишкекте, Ош облусунда, Ош шаарында абдан курч болуп турат. Бүгүн Республикалык штабдын жыйынында өзгөчө абал киргизүү маселеси каралат жана бардык факторлорду эске алып, чечим кабыл алынат», - деп билдирди саламаттыкты сактоо министринин орун басары М.Каратаев.