Новиков: айлык акы жакын арада көтөрүлбөйт

26 ноября 2020, 15:45

КР өкмөтү кыргызстандыктардын эмгек акысын жогорулатууну убада кылбайт. Жакын арада бул боюнча каржылоо болбойт, - деп билдирди премьер-министрдин м.а. Артем Новиков. 

Анын айтымында, 2020-жылы дүйнөлүк рынокто экономика 4.4 пайыздан 5.5% пайызга чейин төмөндөөсү күтүлүүдө. Мындай прогноздорго карабастан, министрлер кабинети Кыргызстандын экономикасынын 5 пайызга өсүүсүнө убада берүүдө.

Муну менен катар бийлик бюджеттин дефицит маселесин чечишет. Бул чет элден карыз алуу аркылуу ишке ашырылмакчы.