Бишкектеги өзгөчө абал режими алынды
Депутаттар Бишкектеги өзгөчө абал режимин алуу чечимин кабыл алышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында маалым болду.
Чечим 76 депутаттын макулдугу менен кабыл алынган.
Эске сала кетсек, Сооронбай Жээнбеков 12-октябрда Бишкек шаарынын аймагына кайрадан ӨА режимин киргизген.