Быйыл АКШ долларынын сомго карата кескин өсүшү күтүлбөйт
Базалык сценарийде Евразия өнүктүрүү банкынын аналитиктери 2023-жылы сомдун курсу 87-89 деңгээлинде болорун болжолдошууда.
Буга Кыргызстандын Улуттук банкынын сомдун алмашуу курсунун динамикасынын кескин өзгөрүүсүн текшилөөгө багытталган акча-кредит саясаты жарым-жартылай көмөктөшөт.
"Узак мөөнөттүү келечекте соода боюнча өнөктөш өлкөлөргө салыштырмалуу республикада инфляциянын жогору болушу сомдун жылына болжол менен 2%га (2025-жылы АКШ доллары үчүн 91,8 сомго чейин) нарксызданышына алып келет", - деп белгилешет банктын макропрогнозунун авторлору.