«Акчабардын» окурмандарынын «Кыргызстандын мыкты банкы – 2021» боюнча добуш берүүсүнүн жыйынтыгы

15 января 2022, 22:33

Өткөн жылдын 23-декабрында “Акчабар” порталынын редакциясы 2021-жылдагы "Кыргызстандын эң мыкты банкын" аныктоо үчүн жалпы элдик добуш берүүнү жарыялаган. Бүгүн биз окурмандардын добушу боюнча жеңүүчүнүн атын атоого даярбыз -бул "Демир Банк".

Демир Банкты жеңиши менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Жакында “Акчабардын” редакциясы банкка эсте каларлык сыйлык тапшырат, аны биз кошумча түрдө порталда жана социалдык тармактардагы баракчаларыбызга жарыялайбыз.

Кыргызстандыктар үч жума бою эң мыкты банкка добуш берүүгө активдүү катышты. Добуш берүү 15-январда саат 00:00дө аяктап, маалыматтар такталгандан кийин 92 982 добуш жарактуу деп табылды.

Жарандардын кызыгуусун эске алуу менен редакция сыйлык берүүнү жыл сайын өткөрүп турууну чечти жана 2022-жылдын аягына чейин кыргызстандыктар кайрадан өз тандоосун жасай алат.

Жыйынтыктарды талдоо “Акчабар” редакциясынын IT-адистери тарабынан бир нече критерийлер боюнча жүргүзүлдү: бир IPден берилген добуштардын саны, IP боюнча аномалдуу активдүүлүк жана башкалар.  Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча бардык кошумча суроолор боюнча кызыкдар тараптар редакцияга кайрылса болот.