Орусия ЕАЭБ өлкөлөрүнүн интеграциясын тездетүү үчүн 249 миң доллар берди

21 июля 2021, 13:00

БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын (БУУ ЕЭК) аткаруу комитети “БУУнун Борбор Азиянын экономикасы үчүн атайын программасынын туруктуу соода жүргүзүү үчүн чек ара кызматташтыгын бекемдөө” долбоорун жактырды, деп билдирди Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги.

Долбоор Россиянын БУУ ЕЭКке кошкон ыктыярдуу салымынын эсебинен каржыланат. Долбоордун жалпы бюджети 249 миң долларды түзөт.

Долбоорду ишке ашырууга үч жыл берилди, бенефициар өлкөлөр: Армения, Беларуссия, Казакстан, Кыргызстан.

Долбоор Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринин потенциалын бекемдөөгө багытталган.