Россия криптовалютаны сатып алууну чектейт

12 марта 2019, 16:32

 Россиянын банкы россиялыктар сатып алып жаткан криптоактивдердин суммасына чектөө  жасарын билдирди.  Бул тууралуу «РБК»  теске салуучунун  санариптик активдер тууралуу мыйзамга таянуу  менен  чектөөгө  барып жатканын  айтып чыкышты. 

Криптоактив  катары  блокчейн  аркылуу  катталган баардык  активдердиун укутары (токены), анын ичинде баалуу кагаздар, кыймылсыз мүлк, компаниядагы үлүштөр, акча талаптары эсептелинет.

Борбордук банк (Центробанк) санапритик  активдердеги конкретүү чекти өзүнчө аныктайт.  Россиянын Мамлекеттик Думасынын  финансы рыногу боюнча комитеттин  төрагасы Анатолий Аксаков, бул суммма жылына 600 миң рубуль болушу мүмкүн деп айтып чыкты.

Эми бул  системадагы токень чыгарган  операторлор кардарлдары тууралуу маалыматтарды бөлүшүп турат. Анткени, алардын сатып алуулары коюлган чектен ашпашы керек. 

Активдер тууралуу мыйзам долбоору учурда Мамлекеттик  Думага жөнөтүлгөн.