Рублдин куну түшөт деп болжонууда

6 марта 2019, 16:13

Россиянын Экономиканы өнүктүрүү министрлиги 2019-жылга карата  рублдин төмөнкү курсун аныктады. Бул тууралуу Мамдумадагы талкууда  ведомствонун башчысы Максим Орешкин билдирди.

«Буга чейинки болжоого салыштырмалуу биз рублдин курсун төмөн берип жатабыз: жыл ичинде  рублдин долларга карата курсу 66 рубль деңгээлинде кармалат деген ойдобу» — деп айты ал. 

 Орешкин билдиргендей, рублдин корректировкасы « евро/доллар менен рублди жуптук алып кароого» карата жасалып, ал ички факторго байланыштуу эмес. Министрдин буга чейинки болжолу  63.9 рубль долларга карата деп берилген. 

 «Интерфакс» Орешкиндин сөзүнө таянып, рублдин так болжолу 66.4 рубль бир  долларга барабар деп болжоп жатышат.

2020-жылга карата болжоодо рублдин курсу долларга карата 63.8 рублдан 67.2 рублга чейин түшүрүлүп, 2021-жылы 64 -67.8 рублдин курсу түшөт деп айтышууда.