Кыргызстан жана Казакстан суу сактагычтардын иштөө тутумдары боюнча макулдашышты

26 апреля 2021, 18:00

Кыргызстан менен Казакстан Чу жана Талас дарыяларындагы суу сактагычтардын иштөө режимдерин макулдашышты. Чечим Казакстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын Чу жана Талас дарыяларындагы мамлекеттер аралык суу чарба объектилерин пайдалануу боюнча Комиссиянын 28-отурумунун жүрүшүндө кабыл алынгандыгы тууралуу Казакстан Республикасынын Экология министрлигинин сайты маалымдады.

Мындан тышкары, кеңешменин жыйынтыгы боюнча, 2021-жылдын вегетация мезгилине карата мамлекеттер аралык каналдар аркылуу суу берүү графиктери, ошондой эле мамлекеттер аралык пайдалануудагы суу чарба объектилеринде оңдоо жана калыбына келтирүү иштеринин түрлөрү жана көлөмдөрү бекитилди.

Комиссия, мындан тышкары, Чу жана Талас дарыяларынын бассейндеринин стратегиялык иш-аракеттер программасын бекитти. Анын алкагында эл аралык каржы уюмдарынын колдоосу менен суу кызматташтыгын чыңдоо боюнча иш-чаралар жүзөгө ашырылары белгилүү болду.