Казакстан Германия менен 2 млрд $ макулдашууга кол койот

6 декабря 2019, 11:00

Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаевдин Германия Республикасына болгон сапарында жалпы баасы 2 млрд доллар болгон  макулдашууга кол коюусу күтүлүүдө. Бул тууралуу Kapital.kz басылмасы жазат. 

 

«Казакстан үчүн Германия негизги европалык өнөктөш болуп эсептелинет. Германия Орто Азия мамлекеттеринин ичинен Казакстан менен 86%  соода жүгүртөт. Иш сапар учурунда бир топ макулдашууларга жана 2 млрд долларга жакын меморандумга кол коюлаарына ишенем», — деп билдирет Касым-Жомарт Токаев  Deutsche Welle берген маегинде.

 

Ал 2018-жылы  Казакстан менен ЕСтин соода көлөмү 37 млрд $ болгонун, бул сумма өлкөнүн тышкы соода жүгүртүүдөгү жарым көлөмү экенин билдирди.

Германия техникалык материалдарды иштеп чыгуу боюнча дүйнө жүзүндөгү лидер өлкө болуп саналгандыктан, Казакстан бирге кызматташууга кызыктар экенин айтты. 

Касым-Жоомарт Токаевдин Германияга болгон мамлекеттик иш сапары 5-6 декабрда болот.