Казакстан Кыргызстанга гранттык жардам катары буудай берүү маселесин кароодо

13 августа 2021, 13:30

Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев казак тарап быйыл күздүк буудайдын үрөнүн гранттык жардам катары берүү маселесин карап жатканын айтты.  Ал мындай пикирин Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен болгон жолугушуусунда билдирди. 

Жалпысынан 1000 тонна жогорку түшүмдүү үрөн жөнөтүү пландалууда.

Тараптар саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, чек ара аймактарындагы кыргыз-казак мамилелеринин актуалдуулугунун кеңири спектрин талкуулашты.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө Жошыбаев менен Казакбаев келерки жылы кыргыз-казак мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын биргеликте белгилөө маселелерин талкуулашты.