Кыргызстан Казакстанга сууну “сатып” жатат деген маалымат туура эмес

24 сентября 2019, 10:08

18-сентябрдан тарта Казакстан Кыргызстанга 4.8 млн. киловатт-саатты кайтарып берди. Ноябрдын аягына чейин кошуна мамлекет электроэнергиянын толук көлөмүн кайтарып берет. Бул тууралуу “Электр станциялар” ААК билдирет. 

Эки өлкө товаралмашуу тууралуу сүйлөшүү жүргүзгөн: Кыргызстан казакстандык суу – чарба колдоонуучуларына суу берет, ал эми Казакстан электр энергия түрүндө кайра Кыргызстанга кайтарып бермекчи. 

2019 – жылдын 6 – июлдан 31 - августка чейин 270 млн. киловатт-саат берилген. 

Буга чейин бир катар ММКларда жана социалдык баракчаларда суу кошуна мамлекетке “сатылып” жатат деген чындыкка дал келбеген маалымат тараган. Бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычында Казакстанга электр энергияны иштеп чыгууда коротулган суунун көлөмү кайрадан өз калыбына келип жатат. Ал эми коңшу өлкөдөн электр энергия аркылуу кайтарылып алынат” – деп жазылат билдирүүдө.