РКФР профинансировал бизнес-проекты на $307 млн

26 февраля 2019, 18:37

 Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду  1 миң 957 долбоорду колдоп, алардын жалпы суммасы $307.2 млн жетти. Бул маалымат РКӨФ  сайтында жайгаштырылган. 

Бул каражаттын басымдуу бөлүгү аймактардагы жана Бишкек, Ош шаарларындагы чакан жана орто бизнести колдоого багытталган. Областар арасында Ысык-Көл областы лидерлик позицияда болуп, алар  338 долбоорду өздөштүргөн. Бишкек менен Ошто  РКӨФ  340 жана 298 долбоорду ишке киргизген.

Финансалык колдоонун жарымынан көбү өндүрүштөгү бизнес-старт долбооруна жана агроөнөр жай тармагына — 52.5% жумшалган. Каражаттын аз бөлүгү финансы ишмердигине— 0.9% которулган.

Белгилей кетсек, Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду өкмөттөр аралык келишимдин негизинде  2014-жылы негизделген. Уюмдун максаты —  Кыргызстан  менен Россиянын ортосундагы экономикалык кызматташууга өбөлгө болуп, кыргыз экономикасын  модернизациялоо жана өнүктүрүү, мүмкүнчулүктү эффективдүү колдонуу, евразиялык экономикалык  аймакка интеграциялоо.