КОӨФ менен ЕӨБ жүгүртүү капиталы жана рублдик каржылоо боюнча кошумча келишимге кол коюшту

19 августа 2021, 12:34

III кыргыз-орус бизнес форумунун алкагында, КОӨФтун башчысы Артем Новиков менен Евразия өнүктүрүү банкынын директору Нурлан Акматов фонддун карыз алуучулары үчүн жүгүртүү капиталына жана банктын ресурстары аркылуу рубль менен каржылоого кеңири жол ачкан кошумча келишимге кол коюшту.

Сөз 2018-жылы ЕӨБ тарабынан беш жылдык мөөнөткө 50 миллион доллар өлчөмүндө берилген айлануучу кредиттик линия жөнүндө болуп жатат. Каражат Кыргызстанда фонд тарабынан түздөн-түз ишке ашырылган инвестициялык долбоорлорду каржылоого, ошондой эле коммерциялык банктар аркылуу фонддун максаттуу программаларын каржылоого багытталган.

КОӨФтун кредиттик линиясынын алкагында жалпы суммасы 4 млн долларга 12 транш берилген.

"Кыргыз Республикасындагы долбоорлорду каржылоо кыйла жагымдуу шарттарда жүргүзүлөт, ал эми жүгүртүү каражаттарын берүү мөөнөтү эки жылдан үч жылга чейин көбөйтүлөт", - деп түшүндүрдү банктын Кыргызстандагы директору Нурлан Акматов.