КОӨФ корпоративдик облигацияларга 5 млн долларга жакын инвестиция салууну көздөөдө

14 июня 2022, 10:36

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду корпоративдик облигацияларга каражат салууга ниеттенип жаткан инвестициялык портфелдин көлөмү болжол менен 5 миллион долларды түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 14-июнда россиялык компаниялардын Кыргызстандагы бизнес миссиясынын алкагында фондулук рынокту өнүктүрүүгө арналган панелдик сессияда аталган фонддун мүчөсү Бакыт Курманбеков билдирди.

Ал белгилегендей, азыр фонд Кыргыз фондулук биржасынын 7%га жакын акциясынын ээси.

“Биз компаниялардын корпоративдик облигацияларына инвестиция салууга ниеттенип жатабыз, адегенде бул биздин кардарлардын кагаздары болот. Инвестициялардын жалпы суммасы 5 миллион долларга жакын. Келечекте биз инвестициянын көлөмүн көбөйтүп, КОӨФ менен байланышы жок компанияларга инвестиция салууну көздөп жатабыз”, - деди Бакыт Курманбеков.

Рыноктун катышуучулары рынокко ири портфелдик инвестордун чыгышы Кыргызстандын фондулук рыногунун өнүгүшүнө жаңы дем берет деп күтүшүүдө.