КОӨФ консерва заводу менен 70 млн сомдук келишимге кол койду

6 августа 2021, 12:00

КОӨФ кепилдик фонду менен бирге "Прод Импекс" консерва заводу үчүн 70 миллион сом суммасындагы банктык кепилдиктердин лимитин берүү жөнүндө келишимге кол койгону маалым болду.

"Прод Импекс" ишканасы "Сонун" бренди менен продукция чыгарары белгиленди. Завод Чүй облусундагы жашылча-жемиш кластеринин өзөгү болуп саналат, анын ишмердүүлүгү ата мекендик дыйкандардын түшүмүн сактоого, аны кайра иштетүүгө жана айыл чарба продукциясынын кошумча наркын жогорулатууга багытталган.

КОӨФ кепилдиги астында алынган каражаттар кеминде 350 фермерден чийки зат сатып алууга жумшалат жана продукциянын жалпы көлөмү жылына 2,4 миң тоннадан кем болбойт.