КОӨФ "Ак-Бата" компаниясын модернизациялоону каржылады

30 июля 2021, 09:40

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду толук кандуу иштеп баштагандан кийин бөтөлкөгө куюлган ичүүчү сууну өндүрүү менен алектенген "Ак-Бата" компаниясы менен кредиттик келишимге кол коюлду. Бул тууралуу фонддун сайтында маалымдалды.

Долбоордун жалпы наркы 1,8 миллион долларды түзөт. Аны ишке ашыруу өндүрүш процессин автоматташтырат. Инвестициялык долбоор баштапкы этапта 30дан ашык жаңы жумуш орундарын түзүп, бардык линиялар ишке киргенден кийин жумушчулардын саны көбөйөт.

Белгиленгендей, долбоордун маанилүү аспектиси азык-түлүк коопсуздугунун эл аралык стандарттарына жана ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарына жооп берген технологияларды колдонуу болмокчу.