КОӨФ социалдык жана гендердик облигациялардын негизги ээси болду

31 января 2023, 13:47

Кыргыз-орус өнүктүрүу фонду 12,3 миллион сомго социалдык жана гендердик облигацияларды сатып алды. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында "Азия Банкынын" төрайымы Земфира Атакишиева билдирди.

Аталган фонддон тышкары социалдык жана гендердик облигацияларды "Кыргызстан" мамлекеттик эмес пенсиялык фонду (5 млн. сом), "Кыргызстан" камсыздандыруу компаниясы ЖАК (1 млн. сом), Jubilee Kyrgyzstan Insurance Company ЖАК (1 млн. сом) жана "НСК" ЖАК (1 млн. сом) тарабынан сатылып алынды. 

Бүгүнкү күндө облигациялардын 30%га жакыны сатылды, жалпысынан инвесторлор 24 млн сомго баалуу кагаздарды сатып алышты.

Натыйжада 46 облигация ээлери бар. Анын үстүнө банктын жетекчиси белгилегендей, аялдардын ишкердигине жардам берүү үчүн ар ким өз салымын кошуп, колдон келишинче облигацияларды сатып алууга аракет кылууда.

Эске салсак, өткөн жылы Азия банкы 12 пайыздык чен менен 82 миллион сомго социалдык жана гендердик облигациялардын дебюттук эмиссиясын өткөргөн.