Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду долбоорлорду каржылоону жандандырды

2 июля 2021, 15:00

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 1-июлдан тарта долбоорлорду каржылоону жандандырды. Мындай чечим фонддун төрагасы Артём Новиков менен Орусия Федерациясынын каржы министринин орун басары Тимур Максимовдун Москвада болгон жолугушуусунун жыйынтыгында кабыл алынды, деп билдирди КОӨФ басма сөз кызматы.

Жолугушууда Артем Новиков фондду модернизациялоо, корпоративдик башкаруу принциптерин бекемдөө, жаңы долбоорлор жана ишкерлерди колдоо боюнча жаңы программалар тууралуу айтып берди. Ал эми Максимов акыркы айларда фонддун ишмердүүлүгүн өркүндөтүү боюнча келишимдерди ишке ашырууда олуттуу ийгиликтер болгонун белгиледи. Жарым жылдан ашуун убакыттан бери фонд буга чейин жактырылган долбоорлорду гана каржылап келген.

"Кыргыз Республикасындагы саясий кырдаалдын турукташуусун эске алып, мен фонд тарабынан түздөн-түз каржылоо программасынын алкагында жаңы насыяларды жактырууну жана берүүнү кайрадан баштоого болот деп эсептейм", - деди Тимур Максимов.

Эске салсак, Кыргызстандагы октябрь окуяларына байланыштуу Орусия былтыр долбоорлорго түз насыя берүүнү токтоткон.