Үстөксүз насыя боюнча министрге тааныштар байланышат — Каржы министринин орун басары

13 сентября 2022, 11:01

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 12-сентябрдагы жыйынында каржы министринин орун басары Руслан Татиков депутаттын суроосуна жооп берип жатып, пайызсыз насыя боюнча жакындары да телефон чалып жатканын билдирди.

Буга чейин депутат Айсара Абдибаева карапайым жарандар үстөксүз насыя ала албай жатканын айтып, акыркы тегерек столдо ага толук сөз берилбей жатканын билдирген.

“Банктар элден пайда табат, сиз тегерек столдо бул тууралуу айткан жоксуз. Канчалаган банктарды айланып өтүштү, бирөө да үстөксүз насыя алганын айткан жок. Бул кандай махинация?" — деп сурады депутат.

Буга Татиков эл өкүлү тегерек столго кечигип келгендигин эске салып, ал тараптан тиешелүү суроолор банктарга берилгенин билдирди.

“Бизде андай алдамчылык жок. Туугандар чалып, тааныштар чалып, пайызсыз насыяга боюнча министрге да байланышат. 2022-жылга 1,2 миллиард каралса, анын 1 миллиард 997 миллиону азыр...”, — деп сөзүн бүтүрө электе, депутат анын сөзүн бөлүп, бул сандардан тажаганын билдирди.