Rolls-Royce биринчи электр учагын сыноодон өткөрдү

19 сентября 2021, 10:00

Rolls-Royce өзүнүн  Spirit of Innovation биринчи электрдик учагын сыноодон өткөрдү. 

Электр кыймылдаткычынын күчү 400 кВт, бул учакка 482 км саат ылдамдыкка жетүүгө мүмкүндүк берет. Мотор 6 миң клеткадан турган "авиациядагы эң энергия сыйымдуу аккумулятордук батарея" менен иштейт.

Бул модель электрдик такси катары каралып жатканда, компания толук көлөмдөгү электр учагы менен иштеп жатат.