«Росэксимбанк» Кыргызстанга кошумча 200 млн доллар бөлүүгө даяр

10 ноября 2021, 10:54

"Росэксимбанк" биргелешкен бизнести каржылоо үчүн кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна кошумча 200 миллион доллар бөлүүгө даяр. Бул тууралуу аталган фонддун жетекчиси Артем Новиков россиялык компаниялардын Кыргызстандагы диверсификацияланган бизнес миссиясында сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, буга чейин тиешелүү келишим түзүлүп, фонд аларды каржылоо үчүн ишкерлерден долбоорлорду күтүүдө.

"Росэксимбанктын" башчысы Талыбов буга чейин кыргыз-орус өнүктүрүү фонду менен банктын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу айткан. Бирок мен кошумчалай кетким келет, биздин жакында болгон талкуубузда, биз 2022-жылы "Росэксимбанк" фонддун учурдагы ресурстарын эсепке албастан, фонд менен биргелешип каржылоо үчүн кошумча акча берүүгө даяр экендигин макулдаштык", - деди Новиков.