«Росинбанк» Улуттук банктын карамагында калат

19 апреля 2019, 10:00

 «Росинбанк»  ААК Кыргызстандын Улуттук банкынын карамагында калат. бул тууралуу финансыны жөнгө салуучу пресс-конференция маалында билдирди. 

«Росинбанк»  атайын банк  болуп, анын негизги багыты инфраструктураны, байланыш менен турак жай курулушун каржылаган банк болуп өзгөрөт. Бул максатта «Росинбанктын» баштапкы капиталы кошумча дагы  3 млрд сомго көбөйтүлөт.  Мындай чечимди  Улуттук банк  финансы тармагын жакшыртуунун алкагында кабыл алды. ТКапитализация жасалган соң, КР Улуттук банкы «Росинбанк» ААК  95% ээлик кылып калат. 

Ошентип, баштапкы капиталы боюнча «Росинбанк» өлкөдө  эң ири банк болуп калат. 

««Росинбанкты» капиталдаштыруу аркылуу аны калыбына келтирүү процесси аяктайт. Банктын тармактык жакка багытталышы калкка финансы булактарын жеткиликтүү кылат.  Банк 1 млрд сомду аймактарда ипотеканы каржылоого жумшайт. Бул продукт  «Мамлекеттик ипотекалык компанияга» жакын болот, — деп билдирди Улуттук банктан.