Россельхознадзор: кыргыз ишкерлер балык чарбаларын текшерүүгө каршы болууда

17 марта 2023, 11:10

Кыргызстандын лосось жана осетр балыктарынын түрлөрүнөн балык азыктарын өндүрүүгө байланыштуу шектенүүлөрдөн улам, Россельхознадзор быйыл 13-марттан 17-мартка чейин Кыргызстандын балык чарбаларын текшерүүнү демилгелеген. Бул тууралуу Орусиянын Россельхознадзор мекемесинин басма сөз кызматы билдирди. 

Текшерүүнүн жүрүшүндө Россельхознадзор келип чыккан кооптонууларды баалоо үчүн зарыл болгон ар тараптуу маалыматты алууну көздөөдө. 

“Бирок текшерүү башталганга чейин эле Кыргызстандын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария департаменти 4 ишкана текшерүүгө катышуудан баш тарткандыгы тууралуу маалымат берген. Россельхознадзордун инспекторлору Кыргызстанга келгенде дагы 2 ишкана баш тартканы тууралуу маалымат алышкан”, - деп айтылат маалыматта.

Россельхознадзор акыркы эки жылда Кыргызстандан Орусияга экспортко бара жаткан балык азыктарында тыюу салынган зыяндуу заттардын уруксат берилген чектен ашып кеткенин бир нече жолу аныктаган. Физикалык текшерүүдө балыктардын декларацияланган түргө мүнөздүү эмес белгилери табылган.