Россельхознадзор Кыргызстандан калемпирди жана кургатылган алманы импорттоого тыюу салды

9 октября 2021, 16:46

Ушул жылдын 23-сентябрынан 6-октябрына чейин Оренбург облусундагы Россельхознадзор башкармалыгынын кызматкерлери Кыргызстан менен Казакстандан фитосанитардык коркунучу жогору болгон карантиндик продукцияны Орусиянын аймагына мыйзамсыз ташып келүү боюнча 28 аракетин токтотушту, деп билдирди Россельхознадзор.

Министрликтин маалыматы боюнча, фитосанитардык сертификаты жок Кыргызстандан кургатылган алма жана жаңы калемпир алынып келинген.

“Күнөөлүүлөр административдик жоопкерчиликке тартылды”, - деп айтылат маалыматта.