Россельхознадзордун өкүлдөрү Кыргызстандагы балык чарбаларын текшерет

20 февраля 2023, 09:43

Балык чарбаларын текшерүү үчүн Россиянын көзөмөл кызматынын өкүлдөрү Кыргызстанга чакырылат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн Ветеринардык кызмат менен Балык чарба департаментинин өкүлдөрүнүн жыйыны өттү. Анда ата мекендик форельди жана анын икрасын Россияга экспорттоого убактылуу тыюу салган Россельхознадзордун маселеси каралды. 

“Россиянын көзөмөл кызматынын өкүлдөрүн Кыргызстанга балык өстүрүүчү тогуз чарбада, ошондой эле ишканаларда жана ири экспортерлордо текшерүү жүргүзүү чечими кабыл алынды”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин Россельхознадзор Кыргызстандын Ветеринардык кызматына Россияга жөнөтүлгөн форель жана форель икраларын сертификациялоону токтотуу өтүнүчү менен кайрылган. Анда Кыргызстандан кирген форель жана форель икраларында тыюу салынган зыяндуу заттар бар экендиги, алар уруксат берилген чектен өтө эле ашып кеткендиги айтылган.