Орус авиакомпаниялары Тамчыга түз каттамдарды ачат (тизме)

9 июня 2022, 17:13

Орусиянын үч шаарынан — Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург жана Новосибирск шаарынан түз каттамдар Ысык-Көл аэропортуна учат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алсак, 10-июндан тарта "Урал аба жолдору" Москва – Тамчы – Москва багыты боюнча жумасына эки рейс, Екатеринбург – Тамчы – Екатеринбург каттамы боюнча жумасына эки, Санкт-Петербург багыты боюнча жумасына бир рейс аткара баштайт.

 

16-июндан тарта “Арофлот” авиакомпаниясы Москва – Тамчы – Москва багыты боюнча жумасына эки каттамды ача баштайт. 19-июндан баштап S7 Airlines Новосибирск – Тамчы –Новосибирск багыты боюнча жумасына бир каттамды ачат.

"Бул каттамдар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы үзгүлтүксүз жүргүнчү каттамдарына коюлган чектөөлөрдүн алынып салынышына жана россиялык туристтердин Ысык-Көл облусундагы эс алуу жайларына турларга суроо-талаптын өсүшүнө байланыштуу", — деп айтылат маалыматта.