Орусияда iPhone 11 эң кымбат сатылаары аныкталды
Орусияда iPhone 11 дүйнө жүзү боюнча эң кымбат баада сатылып жатканын PhoneArena порталы билдирди. Аталган портал Appleдын бардык жаңы чыккан үлгүлөрүн башка мамлекеттерде салыштырып көргөн.
IPhone 11 Pro Max 512 Гб эс тутумдулугу менен Орусияда 132 миң рубль (2 миң $) турат – бул дүйнө жүзү боюнча эң жогору коюлган баа. АКШда ушул эле үлгүдөгү уюлдук телефон 1 миң$ турат.
iPhone 11 64 Гб эс тутуму менен Норвегияда – 947 $ турат. Россияда - 933$, Японияда 692 $ турат.
Бир жума мурун Apple үч жаңы үлгүдөгү смартфонду тартуулаган - iPhone 11, iPhone 11 Pro жана iPhone 11 Pro Max.