Орусиялык миллиардерлер жылдын башынан бери 30 млрд $ жоготушту

2 марта 2020, 17:20

Эң бай деп эсептелген орусиялыктардын кирешеси 2020-жылдын башынан бери 29.54 млрд долларга кыскарды. Бул тууралуу РИА Новости порталы Bloomberg Billionaires Index (BBI) рейтингинин маалыматына таянып, жазып чыкты. 

Белгилей кетсек, индекс миллиардерлердин үлүшү бар компаниялардын акциядагы баалары менен эсептелет. Изилдөөгө дүйнөнүн  500 эң бай адамы кирген, анын ичинен 24 орусиялыктар.