Россия бөлгөн 20 млн доллар грант Улуттук банктын эсебинде сакталуу

15 января 2021, 15:35

2020-жылдын аягында Россия Кыргызстанга бюджетти колдоо үчүн 20 млн доллар грант бөлгөн. Азыркы учурда бул каражат Улуттук банктын эсебинде. Бул тууралуу брифингде финансы министри Кыялбек Мукашев билдирди.

 

 

 

Анын айтымында, 2020-жылы бюджет толугу менен аткарылган жана гранттык каражаттар коротулган эмес.

 

«Бюджеттик процесстердин эрежесине ылайык, каражаттар жыл аягында которулса, аны коротууга убакыт жетпегендиктен, кийинки жылга калтырылат. Бул акчалар үстүбүздөгү республикалык бюджеттин чыгашаларына жумшалат», — деп түшүндүрдү ал.

 

Андан сырткары, Россия тарабынан мамлекеттик чек арадагы 12 өткөрүүчү пунктарды, ошондой эле «Эркечтам» жана «Торугарт» жаңылоого жардамдашат. Ветеринардык жана фитосанитардык лабораторийлер заманбап жабдык менен камсыздалган. 2020-жылы гана 17.5 млн долларга 12 лабораторияга жабдыктар алынып келген.