Орусиянын «Кызыл чырым» уюму Кыргызстандык мигранттарга жардам көрсөтөт

20 августа 2021, 16:31

Кыргызстандын Орусиядагы консулу Алмаз Букалаев "Кызыл чырым" уюмунун төрагасы Павел Савчук менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар жашоо-шарты оор болгон эмгек мигранттарына жардам көрсөтүү маселелерин талкуулашты.

Алар колдоого муктаж болгондордун критерийлери, ошондой эле колдоонун багыттары боюнча макулдашышты. Тактап айтканда, мигранттар жардамдын төмөнкү түрлөрүн ала алышат: мигранттардын балдарына гуманитардык, медициналык-социалдык, психологиялык, билим берүүчү колдоо, юридикалык кеңештер жана Орусияда дайынсыз жоголгон Кыргыз Республикасынын жарандарын табууга жардам.

"Кызыл чырым" уюмунун коомдук кабылдамасынын түз байланыш телефону: 88006007372 (Россиянын ичинде чалуу акысыз).