Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 392 млн доллар насыя берди

8 ноября 2021, 15:17

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 2021-жылдын 1-октябрына карата 392 миллион доллар өлчөмүндө 3 миң 84 насыя берди. Бул тууралуу фонддун сайтында маалымдалды.

Белгилүү болгондой, насыянын 35%ы өндүрүш тармагына берилген. Ал эми каржылык ишмердүүлүк үчүн 1% гана кредит берилген.