Россия Бишкекке 135 тонна ун жана 60 тоннадан суу май берет
Россия Бишкекке 135 тонна байытылган буудай унун жана 60 тоннадан суу май берет. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн Россиянын азык-түлүк жардамын тапшыруу аземи болуп, ал муктаж үй-бүлөлөргө максаттуу бөлүштүрүлүп берилет.
"Аталган долбоор Россия Федерациясынын 2020-2021-жылдарга БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасына 9 млн доллар өлчөмүндөгү ыктыярдуу максаттуу салымынын алкагында ишке ашырылууда",- деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, ушундай эле акция 20-апрелде Ош шаарында болуп, 675 тонна ун, 60 тонна май тапшырылган.