Россия Кыргызстандагы ички саясий абалды турукташтырууга кызыкдар

7 октября 2020, 10:10

Россия Кыргызстандагы ички саясий абалды турукташтырып, коопсуздукту орнотууга кызыкдар. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги маалымдады. 

Белгиленгендей, азыркы абалда мындан аркы демократиялык өнүгүүнү сактоо Конституциянын жана мыйзамдардын чегинде болуусу керек деп эсептейт.

 

«Биз укуктук талаадагы кризисти сүйлөшүүлөр жолу менен жана күч колдонбостон эртерээк чечүүгө үмүттөнөбүз. Биз азыркы саясий күчтөрдү республиканы ички туруктуулукту жана коопсуздукту сактоо үчүн акылмандык жана жоопкерчиликти көрсөтүүгө чакырабыз», - деп айтылат кайрылууда.