Россия Кыргызстанга финансы жагынан жардам берүүнү убактылуу токтотту

15 октября 2020, 09:50

Кыргызстанда саясий стабилдүүлүк орногуча Москва каржылоону убактылуу токтотот. Бул тууралуу РБК басылмасы билдирди. Россия акыркы ирет Кыргызстанга өткөн жылы каржы жардамын көрсөткөн.

Маалыматка ылайык, бул чечимди Россиянын финансы министрлигинен дагы ырасташкан.


«Кыргыз Республикасында болуп жаткан азыркы абалды эске алуу менен каржы жардам көрсөтүү саясий стабилдүүлүк орногуча жана өкмөттүн иши калыбына келгиче токтотулду», — деп билдирген орусиялык чиновниктердин бири.