Россия Кыргызстанга гумжардам катары 100 миң ПЦР-тест жөнөтөт

25 февраля 2021, 10:15

Россия Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 100 миң ПЦР-тест берди. Бул тууралуу  Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин Роспотребнадзордун жетекчиси А. Попова менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгынын негизинде, Кыргыз тарабына гуманитардык жардам катары COVID-19 ооруусун аныктоого 1100 миң ПЦР-тест жабдыктары берилди.

Гуманитардык жүк Роспотребнадзордун Борбордук илимий изилдөө институту тарабынан Кыргызстандын Россиядагы элчилигине берилди. Аталган гуманитардык жүк Кыргызстанга бүгүн, 25-февралда жөнөтүлөт.